АЙБАШЕВ Абугазир
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АЙБАШЕВ Абугазир (1907–1965) – кыргыздын туңгуч актёрлорунун бири, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939).
Фрунзедеги театр‑студиясын бүткөндөн кийин (1962) Кыргыз мамлекеттик драма театрында актёр болуп эмгектенген. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1‑декадасына катышкан (1939). Аткарган ролдору: Максүт (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Мадыл (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Дөдөн (К. Жантөшев, «Курманбек»), Адылкерим (Т. Абдумомунов, «Тар капчыгай»), Кесслер (К. Симонов, «Орус маселеси»), почтoчу (Ч. Айтматов, «Бетме‑бет») жана башка. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.