АЙБАШЕВ Абугазир

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:56, 21 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya (Mariya moved page АЙБАШЕВ to АЙБАШЕВ Абугазир) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙБАШЕВ Абугазир (1907 ‑ 1965) – кыргыздын туңгуч актёрлорунун бири, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Фрунзедеги театр‑студия­сын бүткөндөн (1962) Кыргыз мамлекеттик драма те­атрында актёр. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1‑декадасына катышкан (1939). Аткарган ролдору: Максүт (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Мадыл (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Дөдөн (К. Жантөшев, «Курманбек»), Адылкерим (Т. Абдумомунов, «Тар капчыгай»), Кесслер (К. Симонов, «Орус маселеси»), почтoчу (Ч. Айтматов, «Бетме‑бет») ж. б. Кыргыз ССРинин Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж‑а медалдар м‑н сыйланган.