АБСОЛЮТТУК НӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОЛЮТТУК НӨЛ т е м п е р а т у р а н ы н - термодинамикалык температура шкаласы боюнча абссолюттук температураны эсептөөнүн башталышы. Системанын температурасы абсолюттук нөлгө жакындаса, анда системанын энтропиясы, жылуулук сыйымдуулугу, жылуулуктан кеңейүү коэффциенти нөлгө умтулат. Молекулалар жана атомдор толук тынч абалда болбостон, кристаллдык торчонун түйүндөрүндө «нөлдүк» термелүү жасап, эң кичине энергияга ээ болот.