АБСОЛЮТТУК НӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:24, 9 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОЛЮТТУК НӨЛ т е м п е м р а т у р а н ы н - термодинамикалык температура шкаласы боюнча абссолюттук температураны эсептөөнүн башталышы. Системанын температурасы Абсолюттук нөлгө жакындаса, анда системанын энтропиясы, жылуулук сыйымдуулугу, жылуулуктан кеңейүү коэффциенти нөлгө умтулат. Молекулалар жана атомдор толук тынч абалда болбостон, кристаллдык торчонун түйүндөрүндө «нөлдүк» термелүү жасап, эң кичине энергияга ээ болот.