АБДИЕВА Адиля Ильясбековна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:13, 21 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДИЕВА Адиля Ильясбековна (1976-жылы туулган, Ысык-Көл облусу , Каракол шаары.) – экономика илимдеринин доктору (2011). 1998-жылы КМ УСТАнын “Эл аралык экономикалык мамилелер” факультетин бүтүргөн. 1998-жылдан КР УИАнын Экономикалык изилдөө борборунда илимий кызматкер, Ж. Баласагун атындагы КУУнун” Менежмент жана бизнес борборунда” доцент, КР АУПта “Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер” кафедрасынын башчысы, Ж. Баласагун атындагы КУУнун экономика факультетинде декандын орун басары болуп иштеген. 45 илимий эмгек, 1 монография, 1 окуу куралынын автору.