АЙЫЛ-КЫШТАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫЛ-КЫШТАК – элет жеринде эл отурук­ташкан жай. Калкы негизинен дыйканчылык­та жанa мал чарбасында кесиптенет. Шаар, шаарчаларга караганда калкынын саны, чарба­лык жанa маданий мекемелери аз, чакан болот. Айыл аймагына карайт. 1970‑жылы дүйнө жүзүндө 12–20 млндой, Кыргызстанда 2000‑ж. 1801 кыштак болгон.