АДАПТАЦИЯЛАНГАН БАСЫЛМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:04, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАПТАЦИЯЛАНГАН БАСЫЛМА, а д а п т а ц и я л а н г а н б а с ы л ы ш – кайсы бир адабий-көркөм чыгарманын жеңил жана ыңгайлаштырылып басылышы. Мында автордук негизги ойго, чечүүчү окуяларга эч кандай доо кетпөөгө тийиш жана чыгарманын эстетикалык салмагына көлөкө түшпөшү керек. Адабият боюнча окуу китептериндеги бир катар тексттер ушундай принциптер менен берилет.