АДАПТАЦИЯЛАНГАН БАСЫЛМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАПТАЦИЯЛАНГАН БАСЫЛМА, а д а п т а ц и я л а н г а н б а с ы л ы ш – кайсы бир адабий-көркөм чыгарманын жеңил жана ыңгайлаштырылып басылышы. Мында автордук негизги ойго, чечүүчү окуяларга эч кандай доо кетпөөгө тийиш жана чыгарманын эстетикалык салмагына көлөкө түшпөшү керек. Адабият боюнча окуу китептериндеги бир катар тексттер ушундай принциптер менен берилет.