КОНЪЮГАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЪЮГА́ЦИЯ (лат. conjugatio – биригүү) – 1) б а л ы р л а р д а – эки окшош вегетатив клеткалардын ичиндегилердин кошулушу м-н жүрүүчү жыныс процессинин бир түрү; 2) и н ф у з о р и я л а р д а – эки особдун убактылуу кошулушу ж-а ядро бөлүктөрү м-н бир аз ци­топлазмасынын алмашуусу аркылуу жүрүүчү жыныс процесси; 3) х р о м о с о м а К-сы – мейоз учурунда жуп гомол. хромосомалардын жакындап, бири бирине убактылуу кыналуусу, биригүүсү. Андан кийин хромосомалар кайчы­лашып, бирдей бөлүктөрүнүн (гендердин) алмашуусу – кроссинговер жүрөт; 4) бактерияларда тукум куума материалдардын алмашуусу, б. а. ген. материалды бир бактериядан экинчи бак­терияга өткөрүү жолу. К. бактериялардын тукум куума материалдарынын байышына, жаңыча куралышына (рекомбинацияланышына) шарт түзөт. К. – бактериялардын тукум куума өзгөргүчтүгүн жогорулатуучу процесс.