КЫЗГАЛДАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗГАЛДАК (Roemeria) – өсүмдүктөрдүн апийимдер тукумундагы уруусу. Бир жылдык чөп, бийиктиги 30–50 см, канаттай жалбырагы кезек тешип жайгашкан.
Гүлү сабактын учунда бирден жайгашкан,

эки жыныстуу, аталыгы көп, энелиги бирөө. Желекчелери 4, өңү ачык же көгүш кызыл, негизи кара темгилдүү. Мөмөсү – саадакчадай кутуча, уругу көп. Быша элек кутучасынын ширеси сары, коюу. Кызамыктын эки түрү (ийилген кызамык., аргын кызамык) Жуңгар-Кашкарда, Иранда, Жер Ор­толук деңиз жээгинде кездешет. Кыргызстанда бул эки түрү тең эски аңызда, жол боюнда, тоо этегиндеги кургак боздоңдо, айдоодо өсөт. Кооздук үчүн парктарда өстүрсө болот. Курамында эфедрин, ремерин ж. б. алколоиддер бар, мал жебейт.