КЫЗГАЛДАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗГАЛДАК (Roemeria) – өсүмдүктөрдүн апийимдер тукумундагы уруусу. Бир жылдык чөп, бийиктиги 30–50 см, канаттай жалбырагы кезекешип жайгашкан.
Гүлү сабактын учунда бирден жайгашкан,

эки жыныстуу, аталыгы көп, энелиги бирөө. Желекчелери 4, өңү ачык же көгүш кызыл, негизи кара темгилдүү. Мөмөсү – саадакчадай кутуча, уругу көп. Быша элек кутучасынын ширеси сары, коюу. Кызгалдыктын эки түрү (ийилген кызгалдак., аргын кызгадак) Жуңгар-Кашкарда, Иранда, Жер Ор­толук деңиз жээгинде кездешет. Кыргызстанда бул эки түрү тең эски аңызда, жол боюнда, тоо этегиндеги кургак боздоңдо, айдоодо өсөт. Кооздук үчүн парктарда өстүрсө болот. Курамында эфедрин, ремерин ж. б. алколоиддер бар, мал жебейт.