КУНУ-КУТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУНУ-КУТУ – о. кылымда бутпарас динин туткан уруулардын сыйынуу жайы. Негизинен араб, фарсы жазма даректеринде «хото» («үй») жана «хуту» («мүйүз») түрүндө кездешет. Бирок анын пайда болушу, мааниси, коомдогу ролу тууралуу кеңири изилдөөлөр жүрө элек. Балыкооздун санжырасында К.-К-га огуз (кыргыз, коңурат, жедигер, казак ж. б.) уруулары сыйынган жана ал Ордо (Отор) ш-нын (к. Кузордо) борб. бөлүгүндөгү бир нече бөлмөдөн салынган атайын имаратта («ажайыпкана») сакталган. Эң түпкү бөлмөгө куту орнотуп, ошого жаткырып коюшкан жана абдан бекем кайтарууга алынган. «Худуд ал-Ааламда» башка өлкөлөрдөн алынып келген белгисиз жаныбардын («ажыдаар» – ар. «шахи-и аждаза») мүйүзү катары көрсөтүлөт. В. В. Бартольд аны түн. жактан алып келинген морждун азуу тиши деп болжолдойт.


Ад.: Акылбеков А., Алымбеков Т. Балыкооздун санжырасы. Б., 2009; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2002. Т. 1.

Э. Турганбаев.