КУНУ-КУТУ
КУНУ-КУТУ – орто кылымда бутпарас динин тутунган уруулардын сыйынуу жайы; Балыкооздун санжырасында байыркы кыргыздар сыйына турган атайын бут (жасалма кудай) түрүндөгү нерсе. Ант берүү учурунда же кандайдыр бир чоң окуя (хан көтөрүү, жүрүшкө чыгуу ж.б.) болор алдында ага сыйынышкан. Негизинен араб, перс (фарсы) жазма даректеринде «хото» («үй») жана «хуту» («мүйүз») түрүндө кездешет. Бирок анын пайда болушу, мааниси, коомдогу ролу тууралуу кеңири изилдөөлөр али жүрө элек. Куну Куту тууралуу маалыматтар орто кылымдагы жазма булактарда кыргыздар же Баласагын шаарына да байланыштуу «хутунун (khutu) мүйүзү» (арабча «шахи-и аждаза») түрүндө кездешет. «Худуд ал аламда» кыргыздардын башчысы «каган» (khirkhiz-khaqan) аталып, алардын өлкөсүнөн мускус, аң терилер, жыгачтар (khadang, khalanj), ошондой эле сабы кутудан (dastayi-kar-i khutu, kard-i khutu) жасалган баалуу бычактар келери айтылат. Айрым окумуштуулар (мис., В. В. Бартольд) орто кылымда баалуу зат катары саналган морж же нарвалдын азуу тиштери деп божомолдошсо, окумуштуу-тилчилер (мис., Б. Лауфер) бул сөздү («ку-ту») байыркы кытай тилине байланыштырышат. Бирок бул буюмду кандай учурда же эмне максат менен пайдаланышканын так түшүндүрө алышкан эмес. Куту (хуту) деген түшүнүктүн маанисине өз учурунда Абу Райхан ал-Бируни (973–1048) да көңүл буруп, «Хуту» жаныбарлардан алынган зат экенин, аны өзгөчө кытайлыктар жана чыгыш түрктөр баалашаарын, анткени «тооско ууланган тамак берсе ал титиреп, кыйкыра баштаган сыяктуу куту да тердеп чыгарын» эскертет. Мындан тышкары ал кыргыздардын жеринде кезиккен буканын маңдай сөөгү «куту» деп аталарын кошумчалайт. Тарыхый (айрыкча европалык) документтерде единорогдун (тумшугунда мүйүз сыяктуу бир тиши бар деңиз айбаны) мүйүзүнөн жасалган орус падышасы (1547–1584) Иван Грозныйдын таягы жөнүндө айтылат. Ал таяктын дарылык касиети болуп, анын менен бирге ээсин «суук көздөн» (көз тийүү, оору ж.б.) сактаган. Н. Бекрандын (13-кылым) эмгегине («Жахан Наме») таянган В. В. Бартольд Кутуну Иле дарыясынын батышы, Таласка бара жаткан жолдо, Чүй суусунун жээги, балким Баласагын шаарынан анча алыс эмес жердеги «Хосун-орду» (сөзмө-сөз «күчтүү ордо») же «Хото» («Үй») деп аталган кара-кытайлардын гурханы турган ордого байланыштырган. Балыкооздун санжырасында Куну-Кутуга огуз (кыргыз, коңурат, жедигер, казак ж. б.) уруулары сыйынган жана ал Ордо (Отор) шаарынын (кара: Кузордо) борбордук бөлүгүндөгү бир нече бөлмөдөн салынган атайын имаратта («ажайыпкана») сакталган. Эң түпкү бөлмөгө куту орнотуп, ошого жаткырып коюшкан жана абдан бекем кайтарууга алынган.
Ад.: Абу-р-Райхан Мухаммед ибн Ахмед ал-Бируни. Собрание сведений для познания драгоценностей. /пер. А. М. Беленицкого. Л., 1963; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2002. Т. 1; Акылбеков А., Алымбеков Т. Балыкооздун санжырасы. Б., 2009.
Э. Турганбаев.