КУЛОВ Болот Бейшеналиевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛОВ Болот Бейшеналиевич (5. 1. 1957-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Кочкор айылы) – медицина илимд. доктору (2003). КММИни бүтүргөн (1980). 1980–82-ж. КММИнин нерв оорулар кафедрасында ассистент, СССР МИАнын неврология ин-тунда кенже ил. кызматкер (1989–94), 1994-жылдан КММАнын нерв оорулар кафедрасында ассистент, 1997-жылдан доцент болуп иштеген. 2000–03-ж. РМИАнын Неврология ИИИде докторантурада окуган. КММАнын неврология жана нейрохирургия кафедрасында проф. (2003–07). 2007-жылдан Кырг-н курортология жана калыбына келтирүү ИИИде директор­дун орун басары (башкы врач) болуп иштейт.


Эмг.: Артериальная гипертензия и сосудистые заболевания головного мозга. Б., 2007.