КУЛОВ Болот Бейшеналиевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛОВ Болот Бейшеналиевич (5. 1. 1957-жылы туулгавн, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы) – медицина илимдеринин доктору (2003). И.К. Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1980). 1980–82-ж. КММИнин нерв оорулар кафедрасында ассистент, СССР МИАнын неврология институтунда кенже илимий кызматкер (1989–94), 1994-жылдан КММАнын нерв оорулар кафедрасында ассистент, 1997-жылдан доцент болуп иштеген. 2000–03-ж. РМИАнын Неврология ИИИде докторантурада окуган. КММАнын неврология жана нейрохирургия кафедрасында профессор (2003–07). 2007-жылдан Кыргызстан курортология жана калыбына келтирүү ИИИде директор­дун орун басары (башкы врач) болуп иштейт.


Эмг.: Артериальная гипертензия и сосудистые заболевания головного мозга. Б., 2007.