КУЛААЛЫЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛААЛЫЛАР (Circus) – туйгундар тукумундагы жырткыч куштар. Дене уз. 41–60 см. Канаты жана куйругу узун, жерге жакын учканга ыңгайланган. Дабыш чыгарбай, жай учуп, бала­пан, кемирүүчүлөр, кескелдирик, бака ж. б-ды

илип жейт. Буттары узун болуп, чөптүн арасынан азыгын алганга ыңгайлуу. Башынын эки каптал ындагы жү нү үк үнү бети сымал тегерек. К-дын эркегинин түсү ачык, урга­ачыс ы менен бал апаны күрөң же саргыч. Бардык материкте (Арктикадан башка) таралган. Келгин куш. КМШ өлкөлөрүндө 9, Кырг-нда 2 түрү ачык талааларда жашайт. Жерге уялап, 3–6 жумуртка тууп, ургаачысы 1 ай басат.