КУЛААЛЫЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛААЛЫЛАР (Circus) – туйгундар тукумундагы жырткыч куштар. Дене узундугу 41–60 см. Канаты жана куйругу узун, жерге жакын учканга ыңгайланган. Дабыш чыгарбай, жай учуп, бала­пан, кемирүүчүлөр, кескелдирик, бака ж. б-ды

илип жейт. Буттары узун болуп, чөптүн арасынан азыгын алганга ыңгайлуу. Башынын эки капталындагы жүнү үкүнүн бети сымал тегерек. Кулаалылардын эркегинин түсү ачык, урга­ачысы менен балапаны күрөң же саргыч. Бардык материкте (Арктикадан башка) таралган. Келгин куш. КМШ өлкөлөрүндө 9, Кыргызстанда 2 түрү ачык талааларда жашайт. Жерге уялап, 3–6 жумуртка тууп, ургаачысы 1 ай басат.