КРИОФИЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИОФИЛДЕР (крио... жана philt– – сүйүү) – ту­руктуу төмөнкү темп-рада жашоочу организм­дер. Аларга көбүнчө Түн., Түш. уюл сууларын­дагы жаныбарлар, ийне терилүүлөр, моллюска­лар, муздак дарыя жана өзөндө жашоочу балык­тар (жилингир, айрым планариялар), о. эле уюл­дагы кургакта жашоочу жана тоо жаныбарлары кирет. Айрым муздак сууда жашоочу балыктар­дын суу темп-расынын бир аз жогорулашынан жалпы активдүүлүгү жана азыктануусу төмөн­дөйт. Анткени, суунун темп-расынын жогорула­шы менен сууда эриген кычкылтек азаят. Ал эми кээ бир арктикалык балыктын канынын кура­мында биол. антифриздин болушу алардын тка­нындагы суюктукту тоңуп калуудан коргойт.