КУДАЯН
КУДАЯН Сарысейит уулу, Кудаян хан (т. ж. б. – болжол менен 1683–84-ж., Фергана өрөөнү) – 17- к-дын 70–80-жылдарында кыргыздарды башкарган хан. Сарыбагыш уруусунан чыккан Манап бийдин тукуму. Сарысейиттин Үчүкө, Түлкү, К., Эрдене аттуу 4 уулу болгон. Кыргызды адегенде Үчүкө, Түлкү бийлеп, алар Жаңыл мырза колдуу болуп өлгөндө, кыргыздын багыш уруусунан Калматай, Көкүмдүн уулу Кантейиштер ж. б. кеңешип, К-ды хан көтөрүшкөн. К. башкарган мезгил оор заманга туш келген. Калмактардын кысымына туруштук бере албай, кыргынга учураган кыргыздар Ферганага сүрүлгөн [к. Жуңгар хандыгы (1635–1758), Кыргыз-калмак (ойрот) согуштары (17–18-к.)]. Элдин башынан өткөн оор кыйынчылыктар К. хандын текеберлигине, жөндөмсүздүгүнө байланышкан. Айрым маалыматтарда Үчүкө, Түлкү өлгөндө К. 10–12 жашар бала экендиги, анын тукуму азыркыга чейин Оро-Төбө, Хожентте турганы жөнүндө айтылат. Кийинки изилдөөлөр б-ча Кочкор, Кетмен-Төбө, Талас өрөөнүндөгү сарыбагыштын тоголок (томолок) уруусу өзүлөрүнүн түпкү атасын К. деп таанышат.
Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1.. Б., 1993; Сыдыков О. Кыргыз санжырасы. Ф., 1990.
монографиясы бар.
Эмг.: Реперфузионная терапия при остром инфаркте миокарда (в соавторстве). Б., 2000.
Э. Турганбаев.