КУДАЯН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУДАЯН Сарысейит уулу, Кудаян хан (туулган жылы белгисиз – болжол менен 1683–1684-жылдар, Фергана өрөөнү) – 17-кылымдын 70–80-жылдарында кыргыздарды баш­карган хан. Сарыбагыш уруусунан чыккан Ма­нап бийдин тукуму. Сарысейиттин Үчүкө, Түлкү, Кудаян, Эрдене аттуу 4 уулу болгон. Кыргызды аде­генде Үчүкө, Түлкү бийлеп, алар Жаңыл мырза колдуу болуп өлгөндө, кыргыздын багыш уруу­сунан Калматай, Көкүмдүн уулу Кантейиштер ж. б. кеңешип, Кудаянды хан көтөрүшкөн. Кудаян баш­карган мезгил оор заманга туш келген. Калмак­тардын кысымына туруштук бере албай, кыр­гынга учураган кыргыздар Ферганага сүрүлгөн [кара: Жуңгар хандыгы (1635–1758), Кыргыз-кал­мак (ойрот) согуштары (17–18-к.)]. Элдин ба­шынан өткөн оор кыйынчылыктар Кудаян хандын текеберлигине, жөндөмсүздүгүнө байланышкан. Айрым маалыматтарда Үчүкө, Түлкү өлгөндө Кудаян 10–12 жашар бала экендиги, анын тукуму азыркыга чейин Оро-Төбө, Хожентте турганы жөнүндө айтылат. Кийинки изилдөөлөр боюнча Кочкор, Кет­мен-Төбө, Талас өрөөнүндөгү сарыбагыштын то­голок (томолок) уруусу өзүлөрүнүн түпкү ата­сын Кудаян деп таанышат.

Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Солто­ноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1.. Б., 1993; Сыды­ков О. Кыргыз санжырасы. Ф., 1990. монографиясы бар.

Э. Турганбаев.