КУБАТБЕКОВ Курманбек
КУБАТБЕКОВ Курманбек [12. 10. 1949-ж. т., Фрунзе (азыркы Чүй) обл., Сокулук р-ну, Шалта айылы] – милициянын генерал-майору (1998). ФПИ (1971), СССР ИИМ Академиясын (1984) бүткөн. 1971–98-ж. Кыргыз ИИМдин Тү-

зөтүү-эмгек башкармалыгынын 12-түзөтүү-эмгек колониясында инженер, 1-Май, Октябрь р-ндук ички иштер бөлүмдөрүндө, Бишкек шаардык ички ишт ер башк арм ал ыгында, ИИМдин материалдык баалуулуктарды сыртка чыгарууга көзөмөл кылуу кызматында, Коомдук тартипти сактоо, Экон. кылмышка жана коррупцияга каршы күрөш, Оперативдүү кызмат башкармалыктарында инспектор, улук инспектор, начальниктин орун басары, начальниги, 1998–2001-ж. Ички иштер министринин орун басары, 2001–04-ж. КР өкмөтүнүн баңгизаттарды көзөмөлдөө б-ча мамл. комиссиянын төрагасы, 2004–05-ж. КРдин бангизаттарды көзөмөлдөө б-ча агенттигинин директору, 2006–09-ж. КР Президентинин кеңешчиси, Администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштери б-ча бөлүм башчысы болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.