КУБАТБЕКОВ Курманбек
КУБАТБЕКОВ Курманбек [12. 10. 1949, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе (азыркы Чүй) облусу, Каганович (азыркы Сокулук) району, Шалта айылы] – милициянын генерал-майору (1998). Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтту (1971), СССР Ички Иштер министрлигинин академиясын бүткөн (1984). 1971–1998-жылдары Кыргыз ССР Ички Иштер министрлигинин

Түзөтүү-эмгек башкармалыгынын 12-түзөтүү-эмгек колониясында инженер, 1-Май, Октябрь райондук ички иштер бөлүмдөрүндө, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында, ИИМдин материалдык баалуулуктарды сыртка чыгарууга көзөмөл кылуу кызматында, Коомдук тартипти сактоо, Экономикалык кылмышка жана коррупцияга каршы күрөш, Оперативдүү кызмат башкармалыктарында инспектор, улук инспектор, начальниктин орун басары, начальниги, 1998–2001-жылдары Ички иштер министринин орун басары, 2001–2004-жылдары КР өкмөтүнүн баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, 2004–2005-жылдары КРдин бангизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинин директору, 2006–2009-жылдары КР Президентинин кеңешчиси, Администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүм башчысы болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.