КРИВОЩЁКОВ
КРИВОЩЁКОВ Алексей Александрович [19. 3. 1907, Новониколаевск ш. (азыркы Новосибирск) – 19. 2. 1945, Венгрия, Будапешт] – Сов.
Союз. Баатыры (1943). Калуга курулуш техникумун (1929), Новосибирск курулуш ин-тун (1932) бүткөн. Согушка чейин Кемин р-нундагы Ак-Түз кенинде иштеп, 1942-ж. августта Сов. Армияга чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта Талаа фронтунун Красноград механикалаштырылган корпусунун 19-мех. бригадасынын инж. мина ротасында взвод командири. Бел-

город, Харьков, Полтава ш-н душмандан бошотушкан. Кременчуг ш. аркылуу Днепрден өтүүдө бөтөнчө эрдик көрсөткөн. К-дун взводу 2315 минаны зыянсыздандырган. Будапештте курман болгон. Ленин, Кызыл Туу, 2 жолу Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган. К-дун ысмы өзү кызмат өтөгөн бөлүктүн тизмесине түбөлүккө жазылган.