КРИВОЩЁКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИВОЩЁКОВ Алексей Александрович [19. 03. 1907, Россия империясы, Том губерниясы, Новониколаевск (азыркы Новоси­бирск) шаары – 19. 02. 1945, Венгрия, Будапешт] – Советтер
Союзунун Баатыры (20. 12. 1943). Калуга курулуш техни­кумун (1929), Новосибирск курулуш институтун (1932) бүт­көн. 1936-жылдан Ак-Түз кенинде (Кемин району) иштеп, Кызыл Армиянын катарына Кант райондук (Фрунзе облусу) аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы августта чакырылган. Улуу Ата Мекендик согуш­та Талаа фронтундагы 37-армиянын 1-механикалаштырган корпусуна караштуу 19-механикалык бри­гадасынын инженердик мина рота­сында взвод командири. Белгород,

Харьков, Полтава шаарларын душмандан бо­шотушкан. Кременчуг шаары (Украина) аркылуу Днепрден өтүүдө А. А. Кривощековдун взводу 2315 минаны зыянсыздандырып, бөтөнчө эрдик көрсөткөн. Согуштук тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, көрсөткөн күжүрмөн эрдиги жана кайраттуулугу үчүн 1943-жылы 20-декабрда ага Советтер Союзунун Баатыры (№3 559) наамы ыйгарылган. Кенже лейтенант А. А. Кривощеков душмандын абадан жасаган чабуулу учурунда 1945-жылы 19-февралда курман болуп, сөөгү алгач Зольдин (Германия) кыштагы, кийин Мыслибуж шаарына (Польша) коюлган. Ленин, Кызыл Туу, 2 жолу Кы­зыл Жылдыз ордендери менен сыйланган. А. А. Кривощековдун ысмы өзү кызмат өтөгөн бөлүктүн тизмесине түбөлүккө жазылган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.