КӨГҮЧКӨНДӨР
КӨГҮЧКӨНДӨР , к е п т е р л е р (Columbidae) –куштардын көгүчкөн сымалдар түркүмүнүн тукуму. Канаты узун, учтуу, жакшы учат. Түсү ар түрдүү. Жер бетинин мелүүн ж-а тропик алкактарында кеңири таралган. 43 уруусу, 285 түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 3 уруусунун 13 түрү

кезигет. Көбү келгин куш. Көгүчкөндөр токой, талаа, тоону, эгин айдалган жерлерди мекендейт. Дарак, бадал, аскаларга, курулуштарга уялайт. 2 жумуртка тууп, эркек, ургаачысы тең басат. Экиден же кээде колония болуп жашайт. Балапаны жылаңач, кээде сейрек тыбыттуу болот.
Өсүмдүк уругу, мөмөсү м-н азыктанат. Суу ичүү үчүн алыс аралыкка учуп барат. Азыркы почта ж-а кооздук көгүчкөнедүрө көк көгүчкөндөн чыккан. 6 түрү, 9 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. Ак төш көгүчкөн м-н сур көгүчкөн (эверсмаин) Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине кирген.