КӨГҮЧКӨНДӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨГҮЧКӨНДӨР , к е п т е р л е р (Columbidae) –куштардын көгүчкөн сымалдар түркүмүнүн ту­куму. Канаты узун, учтуу, жакшы учат. Түсү ар түрдүү. Жер бетинин мелүүн ж-а тропик алкак­тарында кеңири таралган. 43 уруусу, 285 түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 3 уруусунун 13 түрү

Көгүчкөндөр: 1 – көк көгүчкөн; 2 – токой көгүчкөнү; 3 – ала­гүү; 4 – бактек; 5 –ак төш көгүчкөн.

кезигет. Көбү келгин куш. Көгүчкөндөр токой, талаа, тоо­ну, эгин айдалган жерлерди мекендейт. Дарак, бадал, аскаларга, курулуштарга уялайт. 2 жу­муртка тууп, эркек, ургаачысы тең басат. Эки­ден же кээде колония болуп жашайт. Балапа­ны жылаңач, кээде сейрек тыбыттуу болот.
Өсүмдүк уругу, мөмөсү м-н азыктанат. Суу ичүү үчүн алыс аралыкка учуп барат. Азыркы почта ж-а кооздук көгүчкөнедүру көк көгүчкөндөн чыккан. 6 түрү, 9 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. Ак төш көгүчкөн м-н сур көгүчкөн (эверсмаин) Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине кир­ген.