КОЖОМБЕРДИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОМБЕРДИЕВ Ысман (1928, Ош обл., Сузак р-ну, Үч-Малай кыш.– 1988, Бишкек) – кыр­гыздын туңгуч адис-археологу, тарых илимд. кандидаты (1987). 1950-ж. Кыргыз пед. ин-тун бүтүргөн. 1954–88-ж. Кыргыз ССР ИАнын Та­рых ин-тунун ил. кызматкери, археология секто­рунун башчысы болуп иштеген. Кетмен-Төбө, Та­лас, Чаткал, Чүй өрөөндөрүнө жасалган археол. экспедицияларды жетектеп, коло дооруна ж-а байыркы көчмөндөргө таандык археол. эстелик­терди изилдеген. Айрыкча чыгыштан чыккан Улуу көч доору б-ча ил. изилдөөлөрү жаңы көз караштарды калыптандырган. Байыркы көч­мөндөрдүн мыкты зергерлиги, аскер иши, чар­балык турмушун мүнөздөгөн табылгалары Кыр­гыз мамл. тарых музейинен көрүнүктүү орун алган. Ал 60тай ил. макалалардын автору.