КОЖОМБЕРДИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОМБЕРДИЕВ Ысман [1928, СССР, РСФСР, Кыргыз АССРи, Ош кантону, Жалал-Абад (азыркы Сузак) району, Үч-Малай кыштагы – 1988, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары] – кыр­гыздын туңгуч адис-археологу, тарых илимдеринин кандидаты (1987). 1950-жылы Кыргыз педагогикалык институтун бүтүргөн. 1954–1988-ж. Кыргыз ССР ИАнын Та­рых институтунун илимий кызматкери, археология секто­рунун башчысы болуп иштеген. Кетмен-Төбө, Та­лас, Чаткал, Чүй өрөөндөрүнө жасалган археологиялык экспедицияларды жетектеп, коло доору жана байыркы көчмөндөргө таандык археологиялык эстелик­терди изилдеген. Айрыкча чыгыштан чыккан Улуу көч доору боюнча илимий изилдөөлөрү жаңы көз караштарды калыптандырган. Байыркы көч­мөндөрдүн мыкты зергерлиги, аскер иши, чар­балык турмушун мүнөздөгөн табылгалары Кыр­гыз мамлекеттик тарых музейинен көрүнүктүү орун алган. Ал 60тай илимий макалалардын автору.