КАТАНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:04, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТА́НОВ Николай Фёдорович [6 (18). 5. 1862, Хакасия, Минуса уезди, Турахов улусу, Изюм кыштагы – 9. 3. 1922, Казан] – чыгыш таануучу ж-а этнограф, фольклорчу, хакас окумуштуу­су. 1888-жылы Петербург университетинин чыгыш таануу факультетин бүтүргөн. Казан университетинин ж-а Россия коомдук ИАнын профессору (1893). Европа тилдерин­де эркин сүйлөп, чыгыш, байыркы ж-а өлгөн тилдерди да билген. Байыркы түрк, рун, шу­мер, шынаа жазууларын, египет, кытай иерог­лифтерин, санскрит, араб тамгаларын, байыр­кы уйгур, арамей графикаларын окуй алган. Сүрөт тартуу, карта түзүүнү да мыкты өздөш­түргөн. Археология, тарых, этнография, тил таа­нуу, адабият тармактары боюнча 380ден ашуун эмгек­тин автору.


Эмг.: Избранные труды о Хакасии и сопредельных территориях. Абакан, 2004.

Ад.: Кокова И. Ф. Катанов. Абакан, 1993. Наследие Н. Ф. Катанова. История и культура тюркских народов Евразии. Казань. 2006.