КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КИТЕПКАНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КИТЕПКАНАСЫ – мамл. башкы китепкана.

1934-ж. Кыргыз АССР ЭКСтин чечиминин неги­зинде китепкана катары ачылып, 1938-ж. респ. китепкана болуп кайра түзүлгөн. 1939-ж. Кыр­гыз ССР Жог. Советинин Президиумунун жар­лыгы б-ча Н. Г. Чернышевскийдин ысмы берил­ген. КР Өкмөтүнүн 1993-жылдын 12-октябрын­дагы ¹ 486 токтомуна ылайык Кыргыз Респ­касынын улуттук китепканасы статусун алган. Мамлекеттин башкы китепканасы аталып, улуттук мурастар сакталган. Кырг-ндагы китеп­каналардын ишин, кооперация ж-а координа­циянын негизги багыттарын өнүктүрүү борбо­ру; китепканалар аралык абонементтин (МБА) улуттук системасынын, эл аралык электрондук камсыздоо-берүүлөрдүн (ЭВА) ж-а китепкана ишинде инновациялык технологияларды кир­гизүү ж-а улуттук коммуникация тармагын түзүү

борбору, о. эле Кырг-ндагы бардык китепкана­лардын ил.-методикалык борбору катары ил.- изилдөөчү мекеме болуп эсептелет. Китепкана 2011–15-жылдардагы өнүгүүнүн стратегиясын; эл аралык донорлор м-н долбоорлук иштөөнү өнүктүрүү; уюштурууну ж-а башкарууну жак­шыртуу; иштөөнү тех. ж-а технол. модерниза­циялоо; жаңы моделде тейлөө; китепкана фонд­дорун калыптандыруу максаттарын ишке ашы­рууда. Китепкана фондунда 6 млн басылма ж. б. маалыматтык ресурстар бар. Жылына 300 миң­ге жакын окурмандар тейленип, 1 млн басыл­ма пайдаланууга берилет. Жыл сайын 700гө жакын маалымдоо-массалык иш-чаралары өткөрүлөт. Китепкана бардык тармактар б-ча басылмаларды берет, библиогр. суроо-талаптар­ды аткарат, суроолор б-ча ад-ттардын тизмесин түзөт ж-а актуалдуу электрондук ресурстардан пайдаланууну камсыздайт. Түрдүү тармактар б-ча дифференцияланган 16 окуу залында 1000ден ашык окурмандык орун бар. Орто эсеп м-н күн сайын 600дөн 1000ге чейин окурман тейленет. Фонддо 90 тилдеги 6 млнго жакын ад-т бар. Жыл сайын китепканага орто эсеп м-н 20–25 миң нуска түрдүү басылмалар алы­нат а. и. карта, нота, кол жазмалардын, сей­рек кездешүүчү китептердин, сүрөт басылмалар­дын, диссертациялардын, гезит-журналдардын, патенттик ж-а нормативдик-тех. документтер­дин атайын түрлөрүнүн, укма, көрмө материал­дардын ж. б. жыйнактары бар. Маалыматтык­иликтөө аппараты 40тан ашык карточкалык ж-а электрондук формадагы каталогдордон ж-а картотекалардан турат. Электрондук каталог­дор ресурсуна: китептердин электрондук ката­логу, мезгилдүү басылмалардын электрондук каталогу, «Кыргызстан» электрондук каталогу, Кырг-ндын китепканаларынын бириктирилген каталогу, чет-тилдердеги ад-ттардын электрон­дук каталогу ж. б. кирет. Китепкананын биб­лиографтары Кырг-ндын улуттук библиография­сын түзүүгө орчундуу салым кошушкан. Ил.- көмөкчү библиографияда бардыгы 160 миңге жакын документ катталган. Анын 38 000ден ашыгы кыргыз тилинде. Улуттук библиография бөлүмү 30 жылдан ашык убакыт «Кыргызстан жөнүндөгү адабияттар» ретроспективалык көр­сөткүчүн түзүү б-ча иштөөдө. «Тарых. Археоло­гия. Этнография», «Кыргызстандын табигый шарттары жана табигый ресурстары», «Өнөр жай. Транспорт. Байланыш», «Адабият. Ис­кусство», «Айыл чарба» сыяктуу тармактык библиогр. эмгектер басылып чыккан. 1964-жыл­дан баштап «Кыргызстан: Дни. Люди. События» жылдык библиогр. басылмасы чыга баштаган. Орус ж-а кыргыз тилдериндеги 36 чыгарылыш­та Кырг-ндын белгилүү даталары, дүйнө элде­ринин каада-салттары ж-дө 1000ден ашык маа­лымат бар. Жазуучулардын юбилейлерине ка­рата «Токтогул Сатылганов», «Алыкул Осмо­нов», «Түгөлбай Сыдыкбеков», «Касымалы Бая­линов» ж. у. с. көрсөткүчтөр чыгарылган. Ки­тепкана «Кыргызстандын маданий турмушу» маалыматтык дайжестти кыргыз, орус тилде­ринде чыгарып турат. Ил.-изилдөө иши улут­тук библиогр. китепкана иштеринин базалык багыты болуп эсептелет. Китепкана үч томдук «История библиотечного дела Киргизии» аттуу документтердин ж-а материалдардын жыйнагын (1959–70), «Китепканалык иш. Терминдердин кыргызча түшүндүрмө сөздүгүн», «Научная жизнь библиотек Кыргызстана» аталган ил. макалалар жыйнагын, о. эле «Айтматов аала­мы» аттуу эки тилдеги библиогр. энциклопе­дия, «Кыргыз китепканасы–Библиотека Кыр­гызстана» ил.-практикалык журналын чыгарат. И. Раззаковдун 100 жылдыгына карата «Алтын­ды дат баспайт» аттуу эмгегин окурмандарга тартуулаган. Китепкана иштерин ил. жактан негиздөөдө уюштуруучу-методикалык борбору, жайылтууда китепкананын Басылмалар бөлүмү, Маданият ж-а агартуу борбору иш алып барат. Юбилейлик даталарга ж-а окуяларга карата жыл сайын 500дөн ашык массалык-маалы­мат иш чаралары уюштурулат (семинар, ил.


конф-я, китеп-сүрөт көргөзмөлөрү ж. б.). Улут­тук китепкана өзүнүн ресурстарын жаңы тех­нология аркылуу сактоого, байытууга умтулат. «Манас» баатырдык эпосу Дүйнөлүк электрон­дук китепканага жайгаштырылган. ЮНЕСКО ж-а АКШ конгрессинин Китепканасынын кол­доосунун алдында 2009-жылдын 21-апрелинде Интернет тармагында уникалдуу Дүйнөлүк элек­трондук китепканага (WDL) манасчы С. Кара­лаевдин кыргыз тилиндеги толук варианты (жалпы көлөмү 1584 барак болгон беш китеп), 1946-ж. Москвадан чыккан С. Липкин котор­гон орусча котормосу, эпостун З. Бектенов ж-а К. Нанаевге таандык прозалык мазмуну, о. эле Уолтер Мей которгон англис тилиндеги тексти реж. М. Убукеевдин «Манасчы» фильминен С. Каралаев ж-дөгү фрагменттер да киргизилген. «Манас» эпосунун кыскача аннотациясы жети тилде (араб, кытай, англис, француз, португал, орус, испан) баяндалып ж-а талапка ылайык маалыматтар м-н камсыздалган. Бул издөөнү жеңилдетип, дүйнөлүк маданий мурастар м-н таанышууга ж-а изилдөөгө мүмкүндүк түздү.
Акыркы жылдарда китепканада 25 долбоор ишке ашырылып, китепкананын фондуна жаңы ад-ттардын келе баштоосуна, тех. жабдууларын жаңыртууга, китепканалык-маалыматтык про­цесстерди автоматташтырууга, чет элдик ад-ттарга, электрондук маалымат ж. б. интер­нет дүйнөлүк маалыматтар базасына пайдала­нуучулардын кирүүсүнө кеңири шарт түзүлдү. Мына ушулардын бардыгы китепкана кызма­тын жаңы сапаттагы деңгээлге көтөрүүгө, маа­лыматка жетүүнүн жаңы технологияларын кир­гизүүгө мүмкүндүк берди. Улуттук китепкана дүйнөнүн 40тан ашуун ири китепканалары м-н кызматташат, а. и. Россиянын мамл. китепка­насы, Ельцин атн. Президенттик китепкана, Россия Улуттук китепканасы, Россиянын мамл. ил.-тех. китепканасы, АКШ Конгрессинин ки­тепканасы, Малайзиянын, Ирандын, Япония­нын, Франциянын, КМШ өлкөлөрүнүн улуттук китепканалары бар. Россия мамл. китепкана­сынын фондунда сакталып турган 600 миңге жа­кын диссертациялардын толук текстине, эми Кыргыз Респ-нын пайдалануучулары өлкөнүн чегинен чыкпай туруп кирүү укугуна ээ болду. Муну китепканадагы кызматтан пайдаланса болот. Китепкана – Эл аралык кесиптик коом­дун мүчөсү. Эл аралык уюмдардын программа­ларын ишке ашырууга катышып, мад-т, илим ж-а билим берүү чөйрөлөрүндө кызматташат. О. эле Евразия китепканалар ассамблеясынын Коммерциялык эмес өнөктөштүгүн уюштуруу­чулардын бири болуп эсептелет ж-а анын мак­саты – китепканалык-маалыматтык ж-а соци­алдык-маданий биргелешкен мейкиндикти түзүү болуп саналат.