КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КИТЕПКАНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КИТЕПКАНАСЫ – мамлекеттик башкы китепкана.

1934-жылы Кыргыз АССР ЭКСтин чечиминин неги­зинде китепкана катары ачылып, 1938-жылы республикалык китепкана болуп кайра түзүлгөн. 1939-жылы Кыр­гыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун жар­лыгы боюнча Н. Г. Чернышевскийдин ысмы берил­ген. КР Өкмөтүнүн 1993-жылдын 12-октябрын­дагы ¹ 486 токтомуна ылайык Кыргыз Республи­касынын улуттук китепканасы статусун алган. Мамлекеттин башкы китепканасы аталып, улуттук мурастар сакталган. Кырг-ндагы китеп­каналардын ишин, кооперация жана координа­циянын негизги багыттарын өнүктүрүү борбо­ру; китепканалар аралык абонементтин (МБА) улуттук системасынын, эл аралык электрондук камсыздоо-берүүлөрдүн (ЭВА) жана китепкана ишинде инновациялык технологияларды кир­гизүү жана улуттук коммуникация тармагын түзүү

борбору, о. эле Кырг-ндагы бардык китепкана­лардын ил.-методикалык борбору катары ил.- изилдөөчү мекеме болуп эсептелет. Китепкана 2011–15-жылдардагы өнүгүүнүн стратегиясын; эл аралык донорлор менен долбоорлук иштөөнү өнүктүрүү; уюштурууну жана башкарууну жак­шыртуу; иштөөнү тех. жана технол. модерниза­циялоо; жаңы моделде тейлөө; китепкана фонд­дорун калыптандыруу максаттарын ишке ашы­рууда. Китепкана фондунда 6 млн басылма ж. б. маалыматтык ресурстар бар. Жылына 300 миң­ге жакын окурмандар тейленип, 1 млн басыл­ма пайдаланууга берилет. Жыл сайын 700гө жакын маалымдоо-массалык иш-чаралары өткөрүлөт. Китепкана бардык тармактар боюнча басылмаларды берет, библиогр. суроо-талаптар­ды аткарат, суроолор боюнча ад-ттардын тизмесин түзөт жана актуалдуу электрондук ресурстардан пайдаланууну камсыздайт. Түрдүү тармактар боюнча дифференцияланган 16 окуу залында 1000ден ашык окурмандык орун бар. Орто эсеп менен күн сайын 600дөн 1000ге чейин окурман тейленет. Фонддо 90 тилдеги 6 млнго жакын ад-т бар. Жыл сайын китепканага орто эсеп менен 20–25 миң нуска түрдүү басылмалар алы­нат а. и. карта, нота, кол жазмалардын, сей­рек кездешүүчү китептердин, сүрөт басылмалар­дын, диссертациялардын, гезит-журналдардын, патенттик жана нормативдик-тех. документтер­дин атайын түрлөрүнүн, укма, көрмө материал­дардын ж. б. жыйнактары бар. Маалыматтык­иликтөө аппараты 40тан ашык карточкалык жана электрондук формадагы каталогдордон жана картотекалардан турат. Электрондук каталог­дор ресурсуна: китептердин электрондук ката­логу, мезгилдүү басылмалардын электрондук каталогу, «Кыргызстан» электрондук каталогу, Кырг-ндын китепканаларынын бириктирилген каталогу, чет-тилдердеги ад-ттардын электрон­дук каталогу ж. б. кирет. Китепкананын биб­лиографтары Кырг-ндын улуттук библиография­сын түзүүгө орчундуу салым кошушкан. Ил.- көмөкчү библиографияда бардыгы 160 миңге жакын документ катталган. Анын 38 000ден ашыгы кыргыз тилинде. Улуттук библиография бөлүмү 30 жылдан ашык убакыт «Кыргызстан жөнүндөгү адабияттар» ретроспективалык көр­сөткүчүн түзүү боюнча иштөөдө. «Тарых. Археоло­гия. Этнография», «Кыргызстандын табигый шарттары жана табигый ресурстары», «Өнөр жай. Транспорт. Байланыш», «Адабият. Ис­кусство», «Айыл чарба» сыяктуу тармактык библиогр. эмгектер басылып чыккан. 1964-жыл­дан баштап «Кыргызстан: Дни. Люди. События» жылдык библиогр. басылмасы чыга баштаган. Орус жана кыргыз тилдериндеги 36 чыгарылыш­та Кырг-ндын белгилүү даталары, дүйнө элде­ринин каада-салттары ж-дө 1000ден ашык маа­лымат бар. Жазуучулардын юбилейлерине ка­рата «Токтогул Сатылганов», «Алыкул Осмо­нов», «Түгөлбай Сыдыкбеков», «Касымалы Бая­линов» ж. у. с. көрсөткүчтөр чыгарылган. Ки­тепкана «Кыргызстандын маданий турмушу» маалыматтык дайжестти кыргыз, орус тилде­ринде чыгарып турат. Ил.-изилдөө иши улут­тук библиогр. китепкана иштеринин базалык багыты болуп эсептелет. Китепкана үч томдук «История библиотечного дела Киргизии» аттуу документтердин жана материалдардын жыйнагын (1959–70), «Китепканалык иш. Терминдердин кыргызча түшүндүрмө сөздүгүн», «Научная жизнь библиотек Кыргызстана» аталган ил. макалалар жыйнагын, о. эле «Айтматов аала­мы» аттуу эки тилдеги библиогр. энциклопе­дия, «Кыргыз китепканасы–Библиотека Кыр­гызстана» ил.-практикалык журналын чыгарат. И. Раззаковдун 100 жылдыгына карата «Алтын­ды дат баспайт» аттуу эмгегин окурмандарга тартуулаган. Китепкана иштерин ил. жактан негиздөөдө уюштуруучу-методикалык борбору, жайылтууда китепкананын Басылмалар бөлүмү, Маданият жана агартуу борбору иш алып барат. Юбилейлик даталарга жана окуяларга карата жыл сайын 500дөн ашык массалык-маалы­мат иш чаралары уюштурулат (семинар, ил.


конф-я, китеп-сүрөт көргөзмөлөрү ж. б.). Улут­тук китепкана өзүнүн ресурстарын жаңы тех­нология аркылуу сактоого, байытууга умтулат. «Манас» баатырдык эпосу Дүйнөлүк электрон­дук китепканага жайгаштырылган. ЮНЕСКО жана АКШ конгрессинин Китепканасынын кол­доосунун алдында 2009-жылдын 21-апрелинде Интернет тармагында уникалдуу Дүйнөлүк элек­трондук китепканага (WDL) манасчы С. Кара­лаевдин кыргыз тилиндеги толук варианты (жалпы көлөмү 1584 барак болгон беш китеп), 1946-жылы Москвадан чыккан С. Липкин котор­гон орусча котормосу, эпостун З. Бектенов жана К. Нанаевге таандык прозалык мазмуну, о. эле Уолтер Мей которгон англис тилиндеги тексти реж. М. Убукеевдин «Манасчы» фильминен С. Каралаев ж-дөгү фрагменттер да киргизилген. «Манас» эпосунун кыскача аннотациясы жети тилде (араб, кытай, англис, француз, португал, орус, испан) баяндалып жана талапка ылайык маалыматтар менен камсыздалган. Бул издөөнү жеңилдетип, дүйнөлүк маданий мурастар менен таанышууга жана изилдөөгө мүмкүндүк түздү.
Акыркы жылдарда китепканада 25 долбоор ишке ашырылып, китепкананын фондуна жаңы ад-ттардын келе баштоосуна, тех. жабдууларын жаңыртууга, китепканалык-маалыматтык про­цесстерди автоматташтырууга, чет элдик ад-ттарга, электрондук маалымат ж. б. интер­нет дүйнөлүк маалыматтар базасына пайдала­нуучулардын кирүүсүнө кеңири шарт түзүлдү. Мына ушулардын бардыгы китепкана кызма­тын жаңы сапаттагы деңгээлге көтөрүүгө, маа­лыматка жетүүнүн жаңы технологияларын кир­гизүүгө мүмкүндүк берди. Улуттук китепкана дүйнөнүн 40тан ашуун ири китепканалары менен кызматташат, а. и. Россиянын мамлекеттик китепка­насы, Ельцин атн. Президенттик китепкана, Россия Улуттук китепканасы, Россиянын мамлекеттик ил.-тех. китепканасы, АКШ Конгрессинин ки­тепканасы, Малайзиянын, Ирандын, Япония­нын, Франциянын, КМШ өлкөлөрүнүн улуттук китепканалары бар. Россия мамлекеттик китепкана­сынын фондунда сакталып турган 600 миңге жа­кын диссертациялардын толук текстине, эми Кыргыз Респ-нын пайдалануучулары өлкөнүн чегинен чыкпай туруп кирүү укугуна ээ болду. Муну китепканадагы кызматтан пайдаланса болот. Китепкана – Эл аралык кесиптик коом­дун мүчөсү. Эл аралык уюмдардын программа­ларын ишке ашырууга катышып, мад-т, илим жана билим берүү чөйрөлөрүндө кызматташат. О. эле Евразия китепканалар ассамблеясынын Коммерциялык эмес өнөктөштүгүн уюштуруу­чулардын бири болуп эсептелет жана анын мак­саты – китепканалык-маалыматтык жана соци­алдык-маданий биргелешкен мейкиндикти түзүү болуп саналат.