КОШИ-РИМАН ТЕҢДЕМЕЛЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШИ́-РИМАН ТЕҢДЕМЕЛЕРИ , а н а л и з д и к ф у н к ц и я л а р теориясында, z=x+iy комплекстүү өзгөрмөлүү w=u+iv аналитикалык функциянын чыныгы ж-а жалган (мнимый) бөлүктөрүн байланыштыруучу 1-тартиптеги ай­рым туундулуу дифференциалдык теңдемелери: au av , au ax ay ay - av ax . Бул теңдемелер анализдик функциялар теор-сында ж-а анын механика, фи­зикадагы колдонууларында негизги мааниге ээ. Анализдик функциянын чыныгы, же жалган бөлүктөрүнүн бирөө берилсе, экинчисин анын эки айрым туундусу б-ча турактуу кошулуучу­га чейинки тактыкта аныктап алууга болот. К.-Р. т-н алгач О. Коши м-н Б. Римандан мурда Ж. Д–Аламбер жана Л. Эйлер изилдеген.