КОШИ ИНТЕГРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШИ ИНТЕГРАЛЫ , 1 2nl f(t) t - z dt түрүндөгү ин- n 0 00 y теграл. Мында y – комплекстик тегиздиктеги түздөлүүчү туюк ийри сызык жана f(t) чоңдугу комплекстик өзгөрмө t нын y ийри сызыгында­гы анализдик функциясы. 1831-ж. О. Коши изилдеген бул интеграл анализдик функциялар­дын теориясында чоң роль ойнойт. Эгерде ком­плекстүү Z чекити г нын ичинде жайгашкан бол­со, анда К. и. y облусунда анализдик f(Z) функ­циясына барабар (Коши интегралдык формула­сы). Ал эми Z чекити y нын ичинде жатпаса, анда ал интеграл нөлгө барабар. Эгер f(t) функ­циясынын y контурундагы чекиттерде гана бе­рилген үзгүлтүксүз функция болсо, анда жого­рудагы туюнтма К о ш и и н т е г р а л ы деп аталат. Мындай интегралды жана интегралдык формулаларды сов. математиктер Ю. В. Сохоц­кий, Ю. Г. Привалов, В. В. Голубев, И. И. Пра­валов, Н. И. Мусхелишвили ж. б. изилдешкен.