КОШИ ИНТЕГРАЛЫ
КОШИ ИНТЕГРАЛЫ , 1 2nl f(t)t - zdt ? түрүндөгү интегралn. . Мында y – комплекстик тегиздиктеги түздөлүүчү туюк ийри сызык жана f(t) чоңдугу комплекстик өзгөрмө t нын y ийри сызыгындагы анализдик функциясы. 1831-ж. О. Коши изилдеген бул интеграл анализдик функциялардын теориясында чоң роль ойнойт. Эгерде комплекстүү Z чекити г нын ичинде жайгашкан болсо, анда Коши интегралы y облусунда анализдик f(Z) функциясына барабар (Коши интегралдык формуласы). Ал эми Z чекити y нын ичинде жатпаса, анда ал интеграл нөлгө барабар. Эгер f(t) функциясынын y контурундагы чекиттерде гана берилген үзгүлтүксүз функция болсо, анда жогорудагы туюнтма К о ш и и н т е г р а л ы деп аталат. Мындай интегралды жана интегралдык формулаларды советтик математиктер Ю. В. Сохоцкий, Ю. Г. Привалов, В. В. Голубев, И. И. Правалов, Н. И. Мусхелишвили ж. б. изилдешкен.