КОШИ Огистен Луи

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШИ́ Огюстен Луи (21. 8. 1789, Париж – 23. 5. 1857, Со) – фр. математик, Париж ИАнын мүчөсү (1816). Париж политех. (1807) ж-а көпүрө жол мектебин (1810) бүтүргөн. 1810–13-ж. Шербурда инженер, 1816–30-ж. Политех. мектепте, де Франс коллежинде, 1848-ж. Париж ун-тинде сабак берген. К-нин эмгектери математиканын ж-а матем. физиканын түрдүү тармактарына тиешелүү. Ал комплекстик өзгөрмөлүү анализ­дик функциянын интеграл түрүндө туюнтулу­шун, функциянын катарга ажыроосун, вычет­тер теориясынын системаларын өнүктүргөн. Дифференциалдык теңдемелер, серпилгичтик теориясы б-ча да изилдөө жүргүзгөн. Оптика б-ча Френель теориясы ж-а дисперсия теория­сынын матем. чыгарылышын тапкан. О. эле К-ге геометрия, сандар теориясы, алгебра ж. б. илимдер б-ча изилдөөлөр таандык.