КОШИ Огистен Луи

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШИ́ Огюстен Луи (21. 8. 1789, Париж – 23. 5.1857, Со) – франциялык математик, Париж ИАнын мүчөсү (1816). Париж политехникалык (1807) ж-а көпүрө жол мектебин (1810) бүтүргөн. 1810–13-ж. Шербурда инженер, 1816–30-ж. Политехехникалык мектепте, де Франс коллежинде, 1848-ж. Париж университептинде сабак берген. Кошинин эмгектери математиканын ж-а математикалык физиканын түрдүү тармактарына тиешелүү. Ал комплекстик өзгөрмөлүү анализ­дик функциянын интеграл түрүндө туюнтулу­шун, функциянын катарга ажыроосун, вычет­тер теориясынын системаларын өнүктүргөн. Дифференциалдык теңдемелер, серпилгичтик теориясы боюнча да изилдөө жүргүзгөн. Оптика боюнча Френель теориясы ж-а дисперсия теория­сынын математикалык чыгарылышын тапкан. Ошондой эле, Кошиге геометрия, сандар теориясы, алгебра ж. б. илимдер б-ча изилдөөлөр таандык.