КОШ КАНАТТУУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ КАНАТТУУЛАР (Diptera) – курт-кумурс­калар классынын түркүмү. Өтө бат көбөйүүчү жандык. Алдынкы канаты жакшы өөрчүгөн­дүктөн, К. к. деп аталат. Ал эми арткы жуп канаты өзгөрүлүп, колба сымал мүчөгө айлан­ган. Канатсыз, өтө майда топторунун сезүү мүчө­лөрү жок. Башы тегерек, татаал, чоң, жуп көзү жайгашкан. Оозу сайып сорууга же жалоого ылайыкталган. Көкүрөк муунактары бири-бири м-н биригип өскөн. Курсак бөлүгү 4–10 сегмент­те туруп, ургаачысынын эң арткы сегменти жумуртка тууй турган бөлүккө, эркегиники ко-

Кош канаттуулар: 1 – көгүш капачы; 2 – гүл дуул­дак чымыны; 3 – төрт чийиндүү чоң баш; 4 – кадим­ки кыкчы чымын; 5 – тарпчы-цезарь; 6 – каардуу ежемуха; 7 – карын көгөөнү.

пулятивдик аппаратка айланган. Бул түркүм 2 түркүмчөгө (узун муруттуулар же чиркейлер, кыска муруттуулар же чымындар) бөлүнөт. Азыр 150дөн ашкан тукуму, 100 миңден ашык түрү кездешет. Алар өтө кеңири тарап, жакшы учат. Негизинен өсүмдүк нектары, чаңчасы, кээ бири башка курт-кумурскалар м-н азыктанып, жырткыч. Омурткалуу жаныбардын канын со­руп жашоочулары да бар. Булар толук кубулуп өөрчүү жолу м-н көбөйүшөт. Личинкасы топу­ракта, сууда, чириген өсүмдүк калдыктарында, өсүмдүктө, жаныбарда ж-а тарпта өөрчүйт. Куур­чакчасы жалган кокондо жашайт. Кээ бир түрү (үй чымыны, желимчилер, чиркейлер ж. б.) жу­гуштуу ооруларды таркатат. Көгөн ж. б. жаны­барларга зыянын тийгизет. Личинкасы а. ч. өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери, о. эле а. ч. жаны­барына ж-а адамга мителери да бар. Айрым К. к. өсүмдүктү чаңдаштырат, топурактын курамын байытат ж-а а. ч. өсүмдүктөрүнүн зыянкечте­рин жегени м-н пайдалуу.


Ад.: Нарчук Э. П. Определитель семейств двукры­лых насекомых фауны России и сопредельных стран. СПб., 2003.