КОШ КАНАТТУУЛАР
КОШ КАНАТТУУЛАР (Diptera) – курт-кумурскалар классынын түркүмү. Өтө бат көбөйүүчү жандык. Алдынкы канаты жакшы өөрчүгөндүктөн, кош канаттуулар деп аталат. Ал эми арткы жуп канаты өзгөрүлүп, колба сымал мүчөгө айланган. Канатсыз, өтө майда топторунун сезүү мүчөлөрү жок. Башы тегерек, татаал, чоң, жуп көзү жайгашкан. Оозу сайып сорууга же жалоого ылайыкталган. Көкүрөк муунактары бири-бири м-н биригип өскөн. Курсак бөлүгү 4–10 сегменттен туруп, ургаачысынын эң арткы сегменти жумуртка тууй турган бөлүккө, эркегиники ко-

пулятивдик аппаратка айланган. Бул түркүм 2 түркүмчөгө (узун муруттуулар же чиркейлер, кыска муруттуулар же чымындар) бөлүнөт. Азыр 150дөн ашкан тукуму, 100 миңден ашык түрү кездешет. Алар өтө кеңири тарап, жакшы учат. Негизинен өсүмдүк нектары, чаңчасы, кээ бири башка курт-кумурскалар м-н азыктанып, жырткыч. Омурткалуу жаныбардын канын соруп жашоочулары да бар. Булар толук кубулуп өөрчүү жолу м-н көбөйүшөт. Личинкасы топуракта, сууда, чириген өсүмдүк калдыктарында, өсүмдүктө, жаныбарда ж-а тарпта өөрчүйт. Куурчакчасы жалган кокондо жашайт. Кээ бир түрү (үй чымыны, желимчилер, чиркейлер ж. б.) жугуштуу ооруларды таркатат. Көгөн ж. б. жаныбарларга зыянын тийгизет. Личинкасы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери, ошондой эле айыл чарба жаныбарынын ж-а адамдын мителери да бар. Айрым кош канаттуулар өсүмдүктү чаңдаштырат, топурактын курамын байытат ж-а айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерин жегени м-н пайдалуу.
Ад.: Нарчук Э. П. Определитель семейств двукрылых насекомых фауны России и сопредельных стран. СПб., 2003.