КООН
КООН (Cucumismelo) – ашкабактар тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Сабагы жерге төшөлүп
өсөт. Жалбырагы чоң. Гүлү айрым жыныстуу (кош жыныстуулары да бар), курт-кумурскалар
аркылуу чаңдашат. К. – көп уруктуу өсүмдүк.
Борб. ж-а Кичи Азиядан таралган. Салмагы (сортуна жараша) 0,2–16,0 кг. КМШ өлкөлөрүндө, Борб. Азия респ-ларында (Кырг-ндын түштүгүндө ж-а Чүй обл-нда), Волга бою, Молда-

вия, Украина ж-а Закавказьеде (көбүнчө аш сорту) эгилет. К. баалуу диеталык азык. Анда
кант (16–18%), С витамини (60 мг %ке чейин), каротин, пектин заттары, минерал туздар бар. К. желет, кургатылат. Андан кыям, цукат, мармелад, повидло ж. б. азыктар даярдалат. Кеңири таралган сорттору; Анделек, Босвалды, Бухарка 944, Заами 672, Кой баш 476, Ак коон 557, Сары коон 31, Үргөнч, Ассате 3806 ж. б. К-дун уругу 4–6 см тереңдикке, топурактагы темп-ра 12–14°Сге жеткенде себилет. 1 га аянтка 2–3 кг урук кетет. Кырг-нда К-дун эрте бышуучу сорту 10–30-апрелде, убагында бышуучусу 20-апрелден 15-майга чейин, кеч бышуучусу 10–30-июнда эгилет. К-дун түшүмүн жыйноодо мезгил-мезгили м-н улам бышканы үзүлөт. Кеч бышуучу К-дор толук быша электе үзүлүп, сакталган кезде толук бышат.