КООН
КООН (Cucumismelo) – ашкабактар тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Сабагы жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы чоң. Гүлү айрым жыныстуу (кош жыныстуулары да бар), курт-кумурскалар аркылуу чаңдашат. Коон – көп уруктуу өсүмдүк.
Борбордук ж-а Кичи Азиядан таралган. Салмагы (сортуна жараша) 0,2–16,0 кг. КМШ өлкөлөрүндө, Борбордук Азия республикаларында (Кыргызстандын түштүгүндө ж-а Чүй облусунда), Волга бою, Молда-

вия, Украина ж-а Закавказьеде (көбүнчө аш сорту) эгилет. Коон баалуу диеталык азык. Анда кант (16–18%), С витамини (60 мг %ке чейин), каротин, пектин заттары, минерал туздар бар. Коон желет, кургатылат. Андан кыям, цукат, мармелад, повидло ж. б. азыктар даярдалат. Кеңири таралган сорттору; Анделек, Босвалды, Бухарка 944, Заами 672, Кой баш 476, Ак коон 557, Сары коон 31, Үргөнч, Ассате 3806 ж. б. Коондун уругу 4–6 см тереңдикке, топурактагы температура 12–14°Сге жеткенде себилет. 1 га аянтка 2–3 кг урук кетет. Кыргызстанда коондун эрте бышуучу сорту 10–30-апрелде, убагында бышуучусу 20-апрелден 15-майга чейин, кеч бышуучусу 10–30-июнда эгилет. Коондун түшүмүн жыйноодо мезгил-мезгили м-н улам бышканы үзүлөт. Кеч бышуучу коондор толук быша электе үзүлүп, сакталган кезде толук бышат.