КСЕНОН
КСЕНО́Н (лат. Xenonum), Xe – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы хим. элемент, инерттүү газдарга кирет; ат. н. 54, ат. м. 131,30. Негизинен атм-да жолугат. Атм.
К. туруктуу 9 изотоптун аралашмасынан турат. 1898-ж. англ. илимпоздор У. Рамзай менен М.Траверс ачкан. Жер кыртышында ураны бар минералдарда кездешет. К.– сейрек кездешүүчү элемент. Кадимки шартта 1000 м3 абада 87 см3
К. болот. К. бир атомдуу түссүз, жытсыз газ; эрүү t –111,8°С, кайноо t –108,1°С. Окистенүү
даражасы +2, +4, +6, +8. К-дун алгачкы хим. бирикмесин ХеРtF6 канадалык химик Н. Бертлет ачкан. Анын фтор менен болгон бирикмелери
ХеF2, ХеF4, ХеF6, ХеF8 жакшы изилденген. ХеF4түн эритмеси сууда өтө туруксуз окисти ХеО3 (күчтүү жарылгыч зат) пайда кылат. ХеF6га Ba(OH)2нин эритмесин таасир этип, барий ксенатын BaXeO6 алууга болот. Сегиз валенттүү
К-дун туздары да белгилүү, мис., NaXeO6–6H2O.
Бул тузга күкүрт к-тасын таасир этүүдөн жогорку окисин ХеО4 алууга болот. К-дун кош туздары да бар: ХeF2–2SbF5, ХеF6–АsF3 ж. б. Перхлораты XeClO4– күчтүү окистенткич. К. газы
ө. ж. абадан алынат. Электр-вакуумдук техникада, жарык берүүчү лампада жана импульстук кубаттуу жарык берүүчү булактарды алууда колдонулат.