КСЕНОН
КСЕНО́Н (лат. Xenonum), Xe – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы химиялык элемент, инерттүү газдарга кирет; атомдук номери 54, атомдук массасы 131,30. Негизинен атмосферада жолугат. Атмосфералык ксенон туруктуу 9 изотоптун аралашмасынан турат. 1898-ж. англиялык илимпоздор У. Рамзай менен М.Траверс ачкан. Жер кыртышында ураны бар минералдарда кездешет. Ксенон – сейрек кездешүүчү элемент. Кадимки шартта 1000 м3 абада 87 см3 ксенон болот. Ксенон бир атомдуу түссүз, жытсыз газ; эрүү t –111,8°С, кайноо t –108,1°С. Окистенүү даражасы +2, +4, +6, +8. Ксенондун алгачкы химиялык бирикмесин ХеРtF6 канадалык химик Н. Бертлет ачкан. Анын фтор менен болгон бирикмелери ХеF2, ХеF4, ХеF6, ХеF8 жакшы изилденген. ХеF4түн эритмеси сууда өтө туруксуз окисти ХеО3 (күчтүү жарылгыч зат) пайда кылат. ХеF6га Ba(OH)2нин эритмесин таасир этип, барий ксенатын BaXeO6 алууга болот. Сегиз валенттүү ксенондун туздары да белгилүү, мисалы, NaXeO6–6H2O. Бул тузга күкүрт кислотасын таасир этүүдөн жогорку окисин ХеО4 алууга болот. Ксенондун кош туздары да бар: ХeF2–2SbF5, ХеF6–АsF3 ж. б. Перхлораты XeClO4– күчтүү окистенткич. Ксенон газы өнөр жайда абадан алынат. Электр-вакуумдук техникада, жарык берүүчү лампада жана импульстук кубаттуу жарык берүүчү булактарды алууда колдонулат.