КРУТИХИН Юрий
КРУТИ́ХИН Юрий (1. 5. 1932-ж. т., Ульянов обл., Веткайский р-ну, Степное айылы) – спортчу (шахмат), Кырг-ндын шахмат б-ча көп жолку чемпиону. КМДТИни бүтүргөн. 1951–56-ж. армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1956–65-ж. «Алга» спорт коомунун алдындагы дене тарбия жана спорт к-тинде улук машыктыргыч, 1971– 73-ж. КАЧИде дене тарбия кафедрасынын окутуучусу, шахмат б-ча улук машыктыргыч болуп иштеген. 1961-ж. шахмат б-ча СССРдин спорт чебери деген наамга Кырг-ндан биринчи татыктуу болгон. 1947–51-ж. жаштар арасында, 1951–66-ж. Кыргыз ССРинин чемпиону, СССРдин 3–5-спартакиадаларынын катышуучусу (1959, 1963, 1967), «Динамо» спорт коомунун чемпиону.