КРУТИХИН Юрий

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРУТИ́ХИН Юрий (1. 5. 1932-жылы туулган, Ульянов облусу, Веткайский району, Степное айылы) – спорт­чу (шахмат), Кыргызстандын шахмат боюнча көп жол­ку чемпиону. КМДТИни бүтүргөн. 1951–56-ж. ар­миянын катарында кызмат өтөгөн. 1956–65-ж. «Алга» спорт коомунун алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинде улук машыктыргыч, 1971– 73-ж. КАЧИде дене тарбия кафедрасынын оку­туучусу, шахмат богюнча улук машыктыргыч бо­луп иштеген. 1961-ж. шахмат боюнча СССРдин спорт чебери деген наамга Кыргызстандан биринчи татыктуу болгон. 1947–51-ж. жаштар арасын­да, 1951–66-ж. Кыргыз ССРинин чемпиону, СССРдин 3–5-спартакиадаларынын катышуучу­су (1959, 1963, 1967), «Динамо» спорт коомунун чемпиону.