КРИПТОРХИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИПТОРХИ́ЗМ (крипто... жана гр. jrchis – жу­муртка) – эркек баланын калтасында бир же эки жумурткасынын жоктугу. Курсактагы 8–9 айлык баланын жумурткасы ич көңдөйүнөн кал­тага түшөт. Кээде ич көңдөйүндө же чаткаякта кармалып же туура эмес түшүп, чаткаяк тери алдына, санга токтоп калат. Айрым учурда жумуртканын калтага өз алдынча түшүүсү ке­чеңдеп, 10–13 жашка чейин созулат. Эки жу­муртканын жоктугу жана тубаса К. – эркектин тукумсуздугунун себептеринин бири. Дарылоо операция жолу менен жүргүзүлөт.