КРИПТОРХИЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КРИПТОРХИ́ЗМ (крипто... жана гр. jrchis – жумуртка) – эркек баланын калтасында бир же эки жумурткасынын жоктугу. Курсактагы 8–9 айлык баланын жумурткасы ич көңдөйүнөн калтага түшөт. Кээде ич көңдөйүндө же чаткаякта кармалып же туура эмес түшүп, чаткаяк тери алдына, санга токтоп калат. Айрым учурда жумуртканын калтага өз алдынча түшүүсү кечеңдеп, 10–13 жашка чейин созулат. Эки жумуртканын жоктугу ж-а тубаса крипторхизм – эркектин тукумсуздугунун себептеринин бири. Дарылоо операция жолу менен жүргүзүлөт.