КРИЗИСТИК ТЕМПЕРАТУРА
КРИЗИСТИК ТЕМПЕРАТУ́РА , к р и т и к а л ы к т е м п е р а т у р а – 1) заттын кризистик абалдагы темп-расы. К. т. суюк заттын өзүнүн буусу менен тең салмакта болуп, алардын физ. касиеттеринен айырма жоголгон учурда аныкталат. К. т-да суюктук жана каныккан буунун тыгыздыктары бирдей болуп, алар бири биринен айырмаланбайт жана суюктуктун бууга айлануу жылуулугу нөлгө барабар болот. К. т. – затты мүнөздөөчү туруктуу чоңдуктардын бири; 2) эригичтиги чектелген компоненттерден турган суюк аралашмаларда чектелбеген эригичтик башталган темп-ра; 3) айрым өткөргүчтөрдүн өтө өткөргүчтүк абалга өтүү темп-расы (к. Өтө өткөргүчтүк).