КРЕМНИЙ КИСЛОТАЛАРЫ
КРЕ́МНИЙ КИСЛОТАЛАРЫ – кремний ангидридинен алынган заттар. Өтө начар, сууда аз эриген к-талар. Таза түрүндө метакремний Н2S2О3
же кремний к-тасы жана орто кремний Н4SiO4
жана экиметакремний Н2Si2O5 к-талары алынган.
К. к-нын өтө каныккан эритмелеринде коллоиддик бөлүкчөлөр пайда болот. Коллоиддик эритмелердин туруктуулугу чөйрөнүн рН-ына, SiO2 концент-на, темп-рага көз каранды болот. К. кнын эритмелеринин рНы 2-2,5 болсо, коллоиддик бөлүкчө туруктуу болуп, рН 5-6дан көбүрөөк болсо, коллоиддик бөлүкчөлөр ассоциацияланып, гелдер пайда болот. К. к-нын туздары силикаттар деп аталат. Аларды алуу үчүн натрий же калий силикаттарынын эритмесине туз НСl же күкүрт Н2SО4 к-тасы кошулат. К.
к-нын коллоиддик эритмелери кагаз, текстиль
ө. ж-нда, суу, минералдык майларды тазалоо жана бириктирүүчү заттар катары; ал эми силикагелдер болсо, бууну жана газдарды сиңирип алуучу адсорбент жана агарткыч зат катары колдонулат.