КРЕМНИЙ КИСЛОТАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕ́МНИЙ КИСЛОТАЛАРЫ – кремний ангид­ридинен алынган заттар. Өтө начар, сууда аз эриген кислотаталар. Таза түрүндө метакремний Н2S2О3 же кремний кислотасы жана орто кремний Н4SiO4 жана экиметакремний Н2Si2O5 кислоталары алынган. Кремний кислотасынын өтө каныккан эритмелеринде коллоид­дик бөлүкчөлөр пайда болот. Коллоиддик эрит­мелердин туруктуулугу чөйрөнүн рН-ына, SiO2 концентрациясына, температурага көз каранды болот. Кремний кислоталары­нын эритмелеринин рНы 2-2,5 болсо, коллоид­дик бөлүкчө туруктуу болуп, рН 5-6дан көбүрөөк болсо, коллоиддик бөлүкчөлөр ассоциацияла­нып, гелдер пайда болот. Кремний кислоталырынын туздары си­ликаттар деп аталат. Аларды алуу үчүн нат­рий же калий силикаттарынын эритмесине туз НСl же күкүрт Н24 кослотасы кошулат. Кремний кислоталарынын коллоиддик эритмелери кагаз, текстиль өнөр жайында, суу, минералдык майларды тазалоо жана бириктирүүчү заттар катары; ал эми сили­кагелдер болсо, бууну жана газдарды сиңирип алуучу адсорбент жана агарткыч зат катары кол­донулат.