КРЕЗОЛ
КРЕЗО́Л , м е т и л ф е н о л д о р, СН5– С6Н4– ОН –
жагымсыз жыттуу суюктук. Мол. салмагы 108,14,
үч изомери бар: орто-, метажана пара-. Бул изомерлердин бардыгы кадимки орг. эриткичтерде жакшы эришет. К. фенол сыяктуу начар кислоталык касиетке ээ; жегичтер менен крезолят деп аталган туздарды пайда кылат. Электрофилдик орун алмашуу реакцияларына (галогендөө, нитрлөө, сульфирлөө жана конденсация) кирет.
Ө. ж-да таш көмүр чайырынын К-дук фракциясынан алынат. Ал таш көмүрдү кокстоодо күйүүчү сланецтерди ысытканда жана жыгачты пиролиздегенде пайда болгон сульфокислотасынан же толуидиндерден алынат. К. крезолальдегид
чайырын, дезинфекциялоочу каражаттарды, боё- гучтарды, дары-дармектерди, жарылгыч заттарды, гербициддерди өндүрүүчү сырьё болуп саналат. К. дем алуу органдарынын жука катмарларын дүүлүктүрөт.